Качкын олигарх, криптовалюта жана Кремлдин батасы менен көгөргөн "көмүскө" схема

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

мазмуну

  • Молдовалык качкын олигарх Илан Шор жана Батыштын "кара тизмесинде" турган "Промсвязьбанк" кантип А7 cхемасына байланышат?
  • A7A5 стейблкоини менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткени кабарланды.
  • Эксперттер бул долбоордун максаты Орусияга Батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жана теңкатар финансы системасын түзүүгө көмөктөшүү экенин белгилешет.

КИШИНЕВ: Мекенинен качып кеткен молдовиялык ишкер жана Батыштын санкцияларын айланып өтүү үчүн Орусиянын аракети менен Кыргызстанда негизделген криптовалютаны эмне байланыштырат?

Орусиянын президенти Владимир Путин сентябрдын башында Тынч океан жээгиндеги Владивостокто финансы компаниясынын филиалын ачканда бир нерсени ишарат кылган. Адатта, Путин андай иш-чараларга катышпайт. Жаңы аскердик кемени сапарга аттандыруубу? Албетте, катышат. Кремлдеги сыйлоо аземиби? Ооба, ансыз өтпөйт. Ыраакы Чыгышта аты-жыты белгисиз ишкананын филиалын ачуубу? Путиндин ага катышканы коошпой турат.

А7 LLC - катардагы каржы компаниясы эмес. Анын жетекчиси - качкын олигарх Илан Шор. Ал Европадагы эң жарды Молдовадан бир миллиард доллар алып чыгып кеткен "кылымдын шылууну" атыккан схемага аралашкан. Шор мурда эле жарандыгын алып койгон Израилге качып, кийин Москвадан орун-очок алган.

Компаниянын дагы бир негиздөөчүсү - Пётр Фрадков. Орусиянын аскер өндүрүшү менен тыгыз байланышкан өлкөдөгү сегизинчи чоң банкты башкарат. Ал мурдагы премьер-министрдин жана тышкы чалгындын башчысынын уулу.

Путин катышкан салтанаттуу иш-чарага видео байланыш менен чыккан Шор менен Фрадков 11 ай аралыгында алардын компаниясы 7 трлн рублден (12,4 млрд доллар) ашуун айлантканына мактанышкан.

Бул олчойгон сумма, айрым эсептөөлөрдө бардык орус компаниялардын тышкы соодасынын 12% чейин жетет.

Андан кийин быйыл январда А7 криптовалютасы негизделген. Ал A7A5 деп аталып, жалпы жүгүртүүсү июлда 41,2 млрд долларга, августта 51,2 млрд долларга жеткен.

Ноябрда рублга байланган дүйнөдөгү биринчи стейблкоин A7A5 менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткенин Chainanalysis аналитикалык кызматы билдирген.

"Бул таңкаларык сумма. Түзүлгөнүнө бир жылга жетпеген ишкана үчүн бул барандуу сумма", - дейт Элис Томас. Ал австралиялык иликтөөчү жана Лондондогу адам укуктары жана согуш кылмыштарын иликтеген Маалыматка туруштук берүү борборунун (Center for Information Resilience, CIR) баяндамаларынын автору.

"Владивостокто компаниянын кеңсесинин ачылышына Путин өзү катышып, А7ге кандайдыр бир тарапташтыгын көрсөтүүгө даяр экени мени дагы таң калтырды", – деп кошумчалады Томас.

Компанияны негиздегендердин бири Шордун схемасы Молдовадан башталып, Москва-Ситинин асман мелжиген имараттарын аралап, Кыргызстанга жетти. Батыштын жана Молдованын аткаминерлери бул схеманы Батыштын санкцияларынын таасирин азайтуу үчүн жасалган Кремлдин аракети катары сыпатташат. Ал эми Борбор Азиядагы тоолуу чакан өлкөнүн лидерлери Кыргызстанды криптоинвестициянын Меккесине айлантууну кыялданат.

"Токен A7A5 – санкцияларды айланып өтүүнүн уникалдуу инструменти", – дейт Эндрю Фирман, Нью-Йорктогу Chainalysis иликтөөчү компаниясынын улуттук коопсуздук жана чалгын бөлүмүнүн башчысы. Бул уюм A7нин таржымалын иликтеген.

Бул жерде сөз санкцияларды айланып өтүү гана эмес Кремлдин андан чоң дымактуу максатын көрсөтөт. Эксперттердин айтканына таянсак, Батыштын банктары жана АКШнын доллары үстөмдүк кылган системага параллель каржылык система куруу максаты катылып турат.

"Бул Илан Шордун өзү жана АКШ долларына байланбаган система түзүү үчүн маанилүү", – деп белгилейт Кэрол Хаус. Ал Ак үйдүн киберсаясат боюнча Улуттук кеңешинин мурдагы кеңешчиси.

"Бир жагынан мамлекеттин ушундай колдоосу таңкалычтуу, ошол эле маалда санкциялардын кесепетинин ордун толтуруу максатын эске алганда таң кала турган деле нерсе эмес", – дейт Хаус.

Кремлдин мындай аракети бат эле Батыштын көзүнө илинди.

23-октябрда Евробиримдик A7A5, A7ти жана аларга байланышкан компаниялар "кара тизмеге киргизип, бул криптовалютаны "Орусиянын согуштук агрессиясын колдогон каржылык ишмердиктин эң мыкты инструменти" деп сыпаттаган.

A7 компаниясы, Илан Шор дагы "Азаттык" радиосунун комментарий сураган катын жоопсуз калтырды.

Борбор Азиядагы криптонун Меккеси

Бери дегенде 2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү өз өлкөсүн криптовалюталык хабга айлантып, инвесторлорду, майнерлерди жана биржаларды тартуу аракетинде.

2025-жылы кеминде 13 криптобиржа катталып, USDKG деп аталган улуттук криптовалюта түзүү үчүн инфраструктура даярдалган.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандын Юстиция министрлигинен алган корпоративдик каттоо документтери A7A5 стейблкоиндин эмитенти 2024- жылы каттоодон өткөн кыргызстандык Old Vector компаниясы деп көрсөтүлгөн.

Январь айынан июлга чейин Old Vector компаниясынын юридикалык дареги Бишкектеги жепирейген үй болуп чыкты.

2025-жылы июлда "Азаттыктын" журналисттери бул дарекке барганда шагыл төшөлгөн көчө тарабы цемент кыш менен тосулган, дат баскан көк дарбазанын артындагы үйдү көрүшкөн.

Эшикти ачкан эки тестиер бала бул даректе кандайдыр бир компания катталганы тууралуу билбей турганын айтышкан. Үйдүн коңшусу андай компания жөнүндө деги эле укпаптыр.

"Old Vector" компаниясыы катталган дарек

Болжол менен бир айдан кийин Old Vector компаниясынын кеңсеси Бишкектин четиндеги көп кабат South Park турак жай комплексине көчүп кеткен.

Юстиция министрлигинен алынган документтер көрсөткөндөй, A7 Бишкекте өз ара чиелешкен бир катар компанияларды каттаткан.

17-январда катталган A7-Кыргызстан South Park комплексинин жогорку кабаттарында мурда чоң соода жайы болгон жерде турат. "Азаттыктын" журналисттери ал кабатка кирүүгө аракеттенгени менен кароолчулар өткөрбөй койду.

Илан Шор менен байланышкан дагы бир уюм "Евразия" деген жалпы аталыштагы бир нече компанияны каттаткан бирикме.

Москвада коммерциялык эмес деп негизделген уюм Молдовадагы шайлоого кийлигишип, бир топ дүрбөлөң түшүргөн. 2024-жылы октябрда Евробиримдик "Евразияга" санкция салган.

Анткен менен A7A5 январда жүгүртүүгө киргизилсе дагы стейблкоинди ачык сатуу февралда гана москвалык Garantex криптовалюталык биржасында башталган.

Батыштын укук коргоо органдары бир топ жылдан бери Garantex'тин сары изине тушүп, ал хакердик чабуулдар жана көз боёоочу программаларды колдонуп, арам акчаны адалдоо жана санкцияларды айланып өтүүнүн каналы болгону белгиленет.

Биржада ар кандай криптовалютаны долларга байланган USDT сыяктуу популярдуу стейблкоиндерге жеңил-желпи алмаштырса болот. Бул ошондой эле каражатты оңой-олтоң чыгарып кетүүгө жол ачкан.

2022-жылы Garantex АКШнын Каржы министрлигинин "кара тизмесине" алынган. Биржа АКШнын соту эки таасирдүү операторун арам акчаны адалдоого айыптагандан үч жылдан кийин гана ишин токтоткон.

Garantex биржасынын веб-сайтынан тартылган сүрөт

АКШ бийлиги Garantex'ке тиешелүү бир нече веб-сайтка тыюу салган. Немис жана фин полициясы биржа операцияларын тейлеген серверлерди конфискациялаган. Расмий аткаминерлер билдиргендей, АКШнын атайын кызматы арам акчаны адалдоого пайдаланылган 26 млн доллардан ашуун акчаны конфискациялаган.

Бул операцияга чейин жана кийин бир апта ичинде аналитиктер белгилегендей, Garantex'тен жаңы Grinex биржасына миллиарддаган A7A5 коиндери которулган. Grinex Кыргызстанда 2024-жылы декабрда катталган. A7A5 транзакцияларынын көпчүлүгү Grinex, ал эми азыраагы Meer.kg биржасында жүргүзүлөт.

Grinex менен A7 ортосундагы байланыш бүдөмүк. Юстиция министрлигинин документтериндеги Grinex'тин негиздөөчүсү деп көрсөтүлгөн Кыргызстандын жараны анын компаниясынын криптобиржа менен байланышы бар-жогун сураганыбызда жооп берүүдөн баш тартты.

Бирок каржы боюнча америкалык тергөөчүлөр Garantex жабылгандан кийин каражаты камакка алынган трейдерлерге A7A5 колдонуп, акчасын чыгарып кетүү үчүн Grinex түзүлгөнүнө ынандырат.

Grinex эл аралык биржасы жана A7A5 стейблкоини.

Кишиневдогу аркан тартыш

Молдова бир топ жылдан бери Европа менен Орусиянын ортосундагы каршылыктын очогунда турат.

2020-жылы Дүйнөлүк банкта иштеген Майя Санду бийликке келгенде өлкөнүн тараза ташы Батыш жакка ооду. Шор аны кайра Орусия тарапка оодаруу аракетинде.

2014-жылы Молдовада банк аркылуу көз боёмочулук схема ишке ашып, өлкөдөн бир миллиарддан ашуун АКШ долларын чыгарып кетишкен. Бул сумма Европадагы чакан өлкөнүн ИДӨсүнүн сегизден бир бөлүгүн түзгөн.

Молдованын бийлиги Шорду "кылым шылууну" схемасын уюштурган деп айыптаган. Олигарх 2019-жылы мекенинен качып кетип, Израил менен Москванын ортосунда жүрөт. 2023-жылы Кишиневдун соту аны сыртынан 15 жылга кесип, Шордун саясий партиясына тыюу салынган.

Молдовадагы жана Батыштагы аткаминерлердин айтканына караганда, Шор кеминде үч шайлоо өнөктүгүнө кийлигишип, добуш сатып алууга аракеттенип, жалган маалыматты жайылтып, алтургай молдован жаштарын башаламандык чыгарууга, полиция менен тирешүүгө үйрөткөн.

Көмүскө схемалар арасында Молдованын тургундарына Шор өзү кызматташкан "Промсвязьбанктын" карталары менен акча которгону ачыкка чыккан.

АКШнын Каржы министрлиги 2022-жылдын октябрында чуулгандуу ишкерди биринчи жолу "кара тизмеге" киргизген. Шор "Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды кабыл алдыруу максатында Молдованын парламентине көзөмөлдүк кылуу үчүн орусиялыктар менен "саясий альянс түзүүнүн" үстүндө иштеген деп белгилеген.

Былтыркы президенттик шайлоодо Молдованын бийлиги Шорду социалдык тармактарга постторду жарыялоого, акцияларга катышууга жана тийиштүү талапкерди колдоо максатында 130 миңден ашуун молдовалыкка орусиялык банктардан 5 млн доллардан көп акча которгон деп айыптаган.

Схема боюнча акча салынган банк карталары алдын ала тийиштүү кишилерге жиберилген. Алар жикчил Приднестровье жумуриятына чыгып, орустардын "Мир" төлөм системасынан акча чыгарып алган. Приднестровье формалдуу түрдө Молдованын аймагы деп саналганы менен жикчил республика экономикалык жактан Москвага бекем чырмалган.

Дагы караңыз Молдова: Майя Санду диаспоранын добушу менен жеңишке жетти

Шордун Москвада түзүлгөн "Евразия" коммерциялык эмес уюму Молдовадан жүздөгөн жаштарды Орусиядагы ар кандай иш-чараларга аралаштырып, жол киресин бекер кылып, кымбат ресторандардан тамак берип, миллиондогон рубль грант бөлүп азгырган.

Молдованын премьер-министри кийинчерек орусиялык агенттер 2024-жылы Санду экинчи жолу кыйынчылык менен жеңген шайлоого кийлигишип, жалпысынан 220 млн доллар коротконун билдирген.

Шайлоо менен чогуу болгон референдумда Европага ыктагандар алдын ала болжолдонгондон аз добуш менен гана озгон.

2025-жылдын сентябрындагы парламенттик шайлоого бир нече күн калганда Кишинев кезектеги дүрбөлөң салган өнөктүк башталганын билдирген. Өлкө боюнча ондогон жерде рейддер өткөрүлүп, 70тен ашуун киши кармалган. Кармалгандардын айрымдары Босния жана Сербиядагы лагерлерге барып, коомго бүлүк салганды, полиция менен тирешкенди атайын үйрөнүп келгени кабарланган.

Молдовалык атайын кызматтар бул ишке "Шордун топтору жана тышкы ресурстар" колдонулганын жарыялаган.

"Санцияларды айланып өтүү жана Молдованын ички ишине кийлигишүү түздөн-түз байланышта деп айта албайм", - дейт Элис Томас. - Санкцияларды буйтап өтүү - азыр эң башкы оюн. Ошол эле маалда Шордун Молдовада олуттуу жеке кызыкчылыктары бардыгы ачык, андыктан ал ошого өтө маани берип жатышы ыктымал".

"Азаттыкка" атын атабай сүйлөп берген молдовалык аткаминер "Шордун жасаган иши Молдованын эле маселеси эмес" экенин айтты. "Шор Орусияга санцияларды айланып өтүүдө кызмат көрсөтүп, анын эсебинен өзү байып жатат".

"Промсвязьбанк" "Азаттыктын" комментарий сураган катына жооп берген жок.

"Сырткы таасирлерге каршы туруучу инфраструктура"

Болжол менен 2022-жылдан тарта Орусиянын банк системасынын бараандуу бөлүгү Украинага уруш баштаганы үчүн Батыштын каржылык тутумунан обочолонуп калган.

Банк тармагы глобалдык операцияларды аткарууда маалымат алмашкан SWIFT системасынан ажыратылган. Visa жана Mastercard Орусияны төлөм системасынан өчүрсө, Батыштын банктары орус өкмөтүнүн эсептерин камакка алган.

Мындай кырдаалда орус бийлиги теңкатар (параллелдүү) каржы системасын түзүүгө киришкен. Айрым өлкөлөр, БРИКСке кирген Кытай, Бразилия жана Индия Москванын мындай аракетин колдоо көрсөткөн.

Стейблкоин деген эмне?

A7A5 криптовалюта дүйнөсүндө “стейблкоин” деп аталат. Бул АКШ доллары же евро сыяктуу реалдуу акчага байланган виртуалдык валюта. Аты айтып тургандай, мындай валюталар наркы кескин өзгөрүп турган башка криптовалюталарга караганда туруктуураак деп эсептелет. Эң популярдуу криптовалюта Биткоин жана Эфириум стейблкоин эмес.

"A7A5 токенин түзүү - санкцияларды буйтап кетүү үчүн Орусиянын альтернативдүү төлөм системасын түзүү аракетинин кийинки логикалык кадамы", – дейт Chainalysis борборунан Эндрю Фирман.

4-сентябрда Владивостоктогу иш-чарага Путин көз алып турганда Шор кадимкидей толкунданып, сүйлөп жатып салмагын улам бир бутуна салып, Ыраакы Чыгыштагы эл аралык каржылык-эсептөөчү борбор "финансылык хаб" экенин айткан.

"Бүгүнкүгө чейин 10 айдан берки ишибизде 7,5 трлн рублдан ашуун транзакция жасадык. Биздин эсептердин 50% Азиядагы мамлекеттер менен жасалгандыктан бул жерде финансылык хаб түзүүнү чечтик", - деген Шор ал жерде.

Шордун катарында анын эң жакын өнөктөшү Пётр Фрадков турган. Ал 2018-жылдан бери Москвадагы "Промсвязьбанкты" башкарат. Анын атасы Михаил Фрадков 2004-2007-жылдары Орусиянын премьер-министри, кийинки тогуз жылда Тышкы чалгын кызматын жетектеген.

Молдовалык олигарх Илан Шор (солдо) "Просвязьбанктын" жетекчиси Пётр Фрадков

ПСБ деп таанылган "Промсвязьбанкты" 2018-жылы банк тармагындагы кризис маалында орус өкмөтү улутташтырып, Орусиянын кулач жайып бараткан аскердик-өндүрүштүк комплексин тейлөөгө профилдештирген.

2022-жылы ПСБ АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине илинген. Банкты башкарган Пётр Фрадков да "кара тизмеге" түшкөн.

"Промсвязьбанк" - A7нин 49% ээси. A7A5 стейблокоини аталган банктын рубль депозити менен камсыздалган.

A7 компаниясы заманбап салынган Москва-Ситинин асман тиреген "Федерация" мунарасында жайгашкан. Бул жерде Garantex жана кибер-программаларга байланышы бар делген бир нече компания катталган.

A7 акча салуу, накталай акча алуу, криптовалюталарды соодалоо жана чек арадан өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн филиалдарды ачып, кеңселери бар кадимки олуттуу компанияга айлануу аракетинде.

Москва жана Владивостоктон тышкары компания Зимбабвенин Хараре жана Нигериянын Лагос шаарларында да филиалдарды ачып жатканын жарыялаган.

Владивосток шаары

Июлда A7 "Промсвязьбанктын" кардарлары A7A5 токендерин аталган банктын карталары менен сатып алса болорун жарыялады.

Ошол эле айда Еврокеңеш A7ге санкция салып, бул компания "Молдовадагы президенттик шайлоого жана референдумга кийлигишүүгө аракеттенген" деп айыптаган.

Болжол менен ушул маалда жүгүртүүдөгү A7A5 коини 240% ашуун өскөн. Elliptic аналитикалык компаниясынын эсебинде A7A5 коини менен күнүмдүк которуулар 1 млрд доллардан ашкан.

Корпоративдик маркетинг документтерине ылайык, А7 төлөм платформасынын эң бараандуу колдонуучулары кытайлык компаниялар жана жеке жарандар.

Батыш өлкөлөрү буга санкция салуу аркылуу бөгөт коюунун аракетинде.

Августтун ортосунда Вашингтон жана Лондон А7ге жана бештен ашуун компанияга - анын ичинде Grinex жана Old Vector'го санкция салган.

Бир айдан кийин A7A5тин жалпы рыноктук капитализациясы – жүгүртүүдөгү бардык коиндери 250% чейин секирип, АКШ долларына байланбаган эң бараандуу стейблкоинге айлантты.

"Улуттук санарип валюта долларга альтернатива гана эмес, глобалдык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы боло аларын биз далилдедик", – деп A7A5 Telegram'да салтанаттуу жар салды.

23-октябрда Евробиримдик Орусиянын криптоактивине байланышкандарды бутага алган жаңы санкцияны жана A7ни экинчи жолу "кара тизмеге" кошту.

Telegram'га жарыялаган постунда A7A5 Брюсселдин санкциясын шакаба кылды.

"Эмне өзгөрөт? Эч нерсе!" – деп жазды компания. "Анткени башынан эле ар кандай тышкы таасирлерди жана чектөөлөрдү тоготпогон инфраструктура түздүк", – деп мактанат.

Кыргыз бийлигинин позициясы

15-августта президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде эл аралык басылмалардагы Илан Шорду Кыргызстанга байланыштырган маалыматтарга комментарий берген.

Кыргыз мамлекет башчысы аталган ишкердин өлкөдө иш алып барып жатканын ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

“Биринчиден, биз жактан Орусияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факты жок. Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Орусияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Орусия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет. Экинчиден, биздин өлкөгө Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе, келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт. Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе, келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп, бир кесебиз”, – деген президент.

2021-жылы Кыргызстанда узак талкуудан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган.

Кыргызстанда криптомайнинг, криптовалютаны алып-сатуу, криптобиржа иштетүүгө байланыштуу процедуралар мыйзамдаштырылып, каттоо башталган. Үч жыл ичинде 13 криптобиржа, 162 криптовалюта алып-сатуучу жай катталды.