Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстан менен чектеш аймактагы окуядан кийин Орусия менен чек араны биргелешип кайтаруу боюнча сүйлөшүү болгон деген маалыматты четке какты.
Ал окуяда беш кытайлык жумушчу каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.
Reuters агенттиги 2-декабрда булактарына таянып, Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюму аркылуу Орусиянын аскерлерин чек арага тартууну талкуулаганын билдирген. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шохин Самади 3-декабрда бул маалыматтарды “жалган” деп атап, жакын арада расмий жооп берерин билдирди.
27-ноябрда Ооганстан тараптан жасалган чабуулда курал жана жардыргыч зат менен жабдылган дрон колдонулганы кабарланган.
Кытай 2010-жылдан бери Тажикстандын эң ири соода өнөктөшү болуп саналат.
Тажикстан жана Кабул 2021-жылы талибдер бийликке келгенден бири-бирин куралдуу топторду колдоп жатат деп айыптап келишет. Тажикстан "Талибандын" бийликке кайтып келүүсүнө ачык каршы чыккан жалгыз коңшу өлкө болуп, аны аймактагы туруктуулукка коркунуч деп атаган.
"Талибан" өкмөтү чек арадагы окуядан кийин тажик бийлик менен кызматташууга даяр экенин билдирген.
Кытай жумушчуларына жасалган чабуулдан кийин, Тажикстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Эмомали Рахмон 1-декабрда өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын жетекчилерин чогултуп, Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы чек арадагы кырдаалды талкуулаган.
Reuters агенттиги билдиргендей, ошол жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Орусиянын аскерлерин чек араны кайтарууга тартуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон, бирок акыркы чечим кабыл алынган эмес.
Учурда Дүйшөмбүнүн четинде Орусиянын аскердик базасы бар.
Буга чейин Орусиянын аскерлери Тажикстан менен Ооганстан чек арасын коргоп келген. Бирок 2005-жылдан бери Дүйшөмбү чек араны өз кайтаруусуна алган.
Тажикстан Бээжинге Кытай менен чектеш 477 чакырымдык чек арадагы айрым бекеттерди биргеликте башкарууга уруксат берген.