Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:52

Евробиримдик Орусиядан газ импорттоону 2027-жылы толук токтотот


Европа комиссиясынын Брюсселдеги кеңсеси.
Европа комиссиясынын Брюсселдеги кеңсеси.

Европа кеңеши менен парламентинин өкүлдөрү 2027-жылдан баштап Орусиянын жаратылыш газын толук импорттоону токтотуу жөнүндө алдын ала макулдашууга келишти.

Еврокеңештин билдирүүсүнө ылайык, Орусиядан газ импорту 2027-жылдын 30-сентябрына чейин толук токтотулат.

Алдын ала келишимсиз, дароо жасалган газ сатып алуулар келерки жылдын июнуна чейин токтотулат. Суюлтулган жаратылыш газын узак мөөнөттүү келишимдер менен алуу 2027-жылдын 1-январында аяктайт. Ал эми куур аркылуу келчү газ жеткирүү 2027-жылдын 30-сентябрында толук токтотулат.

"Европа мындан ары энергетикалык шантажда калбайт жана экономикалык көз карандылыкта болбойт", - деп билдирди Европа Комиссиясынын энергетика маселелери боюнча комиссары Дэн Йоргенсен.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын жазында Кремл Европага газ жеткирүүнү кескин кыскарткандан соң Евробиримдик орус газына болгон көз карандылыктан арылуу жолдорун издей баштаган. Быйыл октябрдын соңундагы эсеп менен Евробиримдик өлкөлөрү импорттогон табигый газдын болжол менен 12% гана Орусиядан алынган. Украинадагы согушка чейин бул көрсөткүч 45% болгон. Азыр Евробиримдикте болгону үч өлкө – Франция, Венгрия жана Бельгия орус газын импорттоону улантууда.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG